Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Британиянын мурдагы премьери Борис Жонсон парламенттен кетти


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Британ парламентинин Жамааттык палатасынын депутаттык мандатынан баш тартты. Бул тууралуу Би-Би-Си жума күнү кечинде экс-премьердин билдирүүсүнө таянып билдирди. Мандаттан баш тартышына COVID-19 эпидемиясына байланыштуу локдаун учурунда премьер-министрдин резиденциясында уюштурулган кече жөнүндө жума күнү жарыяланган иликтөө себеп болгон. Ал учурда Борис Жонсон өлкөнүн премьер-министри болуп турган.

Өткөн жылы премьерликтен кеткен Жонсон Лондондогу округдардын биринен депутат болуп калган. Эми ал округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

Докладдын авторлору Жонсон парламентти атайылап адаштырган деген тыянакка келишкен. Экс-премьер муну четке кагып, иликтөөнүн авторлорун саясий бир тараптуулук үчүн айыптады. Жонсон саясаттан кетип жатканын жарыялаган жок. Ал кайра талапкерлигин коебу, жокпу беймаалым.

Мындан сырткары анда Жонсон премьер-министрликтен кетип жатып өзүнө жакын адамдарды ар кандай сыйлыктарга же артыкчылыктарга, анын ичинде рыцарлык наамга, лорддор палатасындагы орундарга көрсөткөнү белгиленген. Алардын арасында карантин учурунда кечеге катышкандар да болгон. Мындай тизмелерди түзүү кызматтан кетип жаткан премьер-министрлер үчүн салт болуп калган. Бирок Жонсондун ишинде көптөгөн саясатчылар - лейбористтер дагы, консерваторлор дагы тизмедеги бир катар фигуралардын болушун өтө орунсуз деп эсептешкен.

Борис Жонсон британ өкмөтүн 2019 жылдан 2022-жылга чейин жетектеди. Тереза Мэйдин ордуна келген Жонсон былтыр жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ал өкмөттү башкарып турган учурда Британия расмий түрдө Европа Биримдигинин курамынан чыккан. Ошондой эле ал Орусия Украинага кол салган согушта украин тарапты активдүү колдогондордун бири болгон. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Борис Жонсонду "Украинанын чыныгы досу” деп атаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG