Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Ирандын Орусияда дрон чыгарган завод курары АКШны тынчсыздантат


Кошмо Штаттар Иран Орусиянын аймагында дрон чыгарчу завод курууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат бардыгын билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби 9-июнда билдиргендей, Иран Москвадан 1000 чакырымдай аймакта дрон чыгарчу завод курууга киришип жатат.

«Орусия Ирандан учкучсуз аппараттарды чыгара турган заводго керектүү материалдарды алып жатканы тууралуу бизде маалымат бар. Бул завод кийинки жылдын башында иштеп башташы мүкүн» - деди Кирби. Ал ошондой эле Иран Орусияга Каспий деңизи аркылуу жүздөгөн жанкечти дрондорду жана дрон чыгарууга керек жабдууларды жөнөткөнүн кошумчалады.

"Иранда чыгарылган дрондор Амирабаддан Каспий деңизи аркылуу Махачкалага жетет. Аларды орус күчтөрү Украинага каршы колдонот" - деди Кирби. Ал Москва менен Тегерандын мындай кызматташуусунун кесепети Украинага, Ирандын коңшуларына жана жалпы эле эл аралык коомчулукка тийиши ыктымал экенин эскертти.

Эки өлкөнүн кызматташтыгы Орусия Украинага кол салгандан кийин күчөгөн. Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусия 2022-жылдын күз айларынан тарта Украинанын шаарларына Иранда чыккан дрондор менен жапырт чабуул коюп жатканын билдирген.

Мындан улам Батыш Иранга кошумча санкцияларды киргизген.

Тегеран менен Москва Украинага ирандык дрондор сокку уруп жатканы тууралуу маалыматты четке каккан. Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян Орусияга Украинадагы согушка чейин эле жанкечти дрондор берилгенин ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG