Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Сот Өмүрбек Бакиров утуп келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарды


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

7-июнда Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаев ушул округдан шайланган депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен сотко кайрылган.

Соттун чечимине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылды.

Тараптар соттун чечимин бир айдын ичинде кайра арыздана алат. Жогорку Кеңештин депутаты Бакиров жана анын адвокаты комментарий бере элек.

2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров №4 Көк-Жар бир мандаттуу округдан парламентке депутат болуп шайланган. Жарышка жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да катышкан.

Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан соң 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын билдирген жана анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Дептутат Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттаган. Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күн ичинде каралышы керек. Бакиров бир жылдай убакыт өткөндөн кийин иштин кайрадан көтөрүлүп чыкканын өзүнүн Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. "Элдик" депутаттар тобуна кирет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG