Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Кахов ГЭСиндеги жардыруу: Эрдоган комиссия түзүүнү сунуштады


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардырууну иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу Украина менен Орусиянын президенттери менен телефондон сүйлөшкөндө айтты. Бул тууралуу түркиялык Hürriyet басылмасы жазды.

Эрдогандын сөзүнө караганда, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү кириши керек. Түрк президенти Анкара мындай иликтөөнү уюштурууга болгон аракетин көрөрүн кошумчалаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Эрдоган менен сүйлөшкөндөн кийин ага жардыруунун кесепетин жоюуга чукул керек болгон нерселердин тизмесин бергенин билдирди. Ал Телеграм-каналына ГЭСтеги жардырууну "орусиялык теракт" деп атады.

Кремль болсо Владимир Путин бул окуяга байланыштуу жоопкерчиликти Киевге жүктөгөнүн, "варвардык акция" деп сыпаттаганын жазды. Бул орус президентинин дамба жардырылгандан кийинки биринчи комментарийи болуп калды.

Эл аралык комиссия түзүү тууралуу Эрдогандын сунушуна Зеленский менен Путин эмне деп жооп бергени белгисиз.

Мунун алдында Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Украинага жардыруунун кесепетин жоюу үчүн керектүү жардам убада кылды.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Киев менен Москвага буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөп жатат. Суу ашып-ташкан аймактардан миңдеген адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG