Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Акылбек Жапаров иш сапары менен Сочиге учуп кетти


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына учуп кетти.

Делегациянын курамына министрлер, Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы Кыргызстандын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстандын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү сыяктуу бир нече киши кирген.

7-9-июнунда Сочиде КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык Конгресстин отуруму, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана "Евразия биздин үйүбүз" көргөзмөсү өтөт.

Күн тартибинде кандай маселелер каралары азырынча маалымдала элек.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан менен Армения уюмга 2015-жылы кошулган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG