Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:31

ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму болду


ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасы менен соттошуп жатат.
ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасы менен соттошуп жатат.

6-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча соттук отурум болду.

Сотто ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “электр энергиясы үчүн чет өлкөлөрдөн алынган карыз” тууралуу маалыматын жалган деп таап, аны Интернеттен алып салууну милдеттендирүүнү суранды. Андан тышкары маалыматты төгүнгө чыгарып, моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, материалдын автору журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

“ПолитКлиниканын” адвокаты Алтынай Исаева ЭлТР материалды толук өчүрүүнү талап кылып жатканын айтып сюжеттеги ар бир сүйлөмгө жооп берүү үчүн соттон убакыт берүүнү сурады. Жыйынтыгында жараян 21-июнда уланмай болду.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, ЭлТРдин доосун сөз эркиндигине басым деп баалап келет. Эки медианын иши сотто 18-апрелде карала баштаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG