Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Ооганстандын түндүгүндөгү мектепте окуучу кыздар ууланды


Ооганстандык окуучу кыздар. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Ооганстандык окуучу кыздар. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Ооганстандын түндүгүндө башталгыч мектептерде ондогон кыздар ууланды. Жергиликтүү аткаминерлер бул атайын жасалганын билдирип жатышат.

Окуя Сари Пул провинциясынын Сангчарак аймагында болгонун, Обе Кабуд мектебинде 60 кыз, Файзабад мектебинде 20дан ашуун кыз ууланганын "Азаттыктын" ооган кызматы 5-июнда жазды. Жергиликтүү бийликтин маданият жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Умар Сарипули муну тастыктады.

Уулангандардын арасында төрт мугалим, бир окуучу кыздын тууганы жана жана мектепте иштеген бир жумушчу да бар. Кандай ыкмада ууландырылганы маалым эмес. Алардын дем алуусу кыйындап, кускан. Баары ооруканага жаткырылды.

Сари-Пул провинциясынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Рахмани "белгисиз киши окуучу кыздарды ууландырыш үчүн кылмышкерлерди жалдаганын" билдирди.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда "Талибан" кыймылы бийликке кайтып келгенден кийин кыздардын билим алуусуна чектөө киргизилип, 6-класска чейин эле окууга уруксат берилген.

"Талибан" кыймылынын ишмердиги бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG