Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 7-июнда башталат


Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 7-июнда башталат. Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июлда боло турган шайлоодо ат салыша тургандарды каттап, бир айлык үгүт датасын жарыялады.

Өзбекстандын президенттигине Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев талапкер болушту.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге бекер эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирилет.

8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

30-апрелде референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Серепчилер муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылганын билдиришкен. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG