Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Кызылча оорусу соңку бир айда эки эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу соңку бир айда эки эсе көбөйдү. “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунан 5-июнда кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата бул илдетке чалдыккандар 559га жетти.

Бир ай мурда жыл башынан берки көрсөткүч 265 болчу.

Ал эми былтыр бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган.

Ооруп жаткандардын көбү балдар – 187си бирге чыга элек ымыркайлар, 234ү бир жаштан төрт жашка чейинкилер.

Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG