Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Үч европалык жаран Ирандын түрмөсүнөн мекенине кайтып келди


Иран менен Бельгиянын ортосундагы туткун алмашуу
Иран менен Бельгиянын ортосундагы туткун алмашуу

3-июнда үч европалык жаран Тегеран менен Брюсселдин ортосундагы туткун айырбаштоонун аркасы менен Ирандагы түрмөдөн чыгып, мекенине кайтып келгени маалым болду. Австрия менен Ирандын жарандыгы бар эки эркек жана даниялык жаран өткөн аптада ирандык дипломат Асадулла Асадиге айырбашталды.

Тегеран тыңчылыкка айыпталып, 40 жылга соттолгон бельгиялык гуманитардык кызматкер Оливье Вандекастилди өткөн аптада бошоткон.

Омандын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн аркасы менен Бельгиядан абактан чыккан Асади 27-майда Тегеранга кайтып барган.

2021-жылы Бельгиянын соту ирандык дипломат Асадини "теракт уюштурууга даярдык көргөн" деген айып менен 20 жылга кескен. Ага 2018-жылы Францияда Ирандын оппозициясынын активисттеринин жолугушуусунда "жардыруу уюштурууга аракет кылган" деген айып тагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG