Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократияны тандаган өлкө


Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

3-июнда Чолпон-Ата шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарында кеңейтилген форматтагы жолугушуу болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров европалык делегация менен жолугушууда Европа Биримдиги Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

“Биринчиден, мен Европа Биримдигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Биримдиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бирок, биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүүбүз”, - деди Садыр Жапаров.

Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.
Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

Мамлекет башчы Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол койгону жатканын, бул алаканы дагы да жакшыртарын айтты. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну да кеңейтет деп белгиледи.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанда расмий сапары менен жүрөт. Ал 2-июнда Чолпон-Атада “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитине катышкан.

Мунун алдында Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу, кыргызстандык “Лигал просперити” фонду, Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” деген франциялык ассоциация Шарль Мишелге кайрылып, аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG