Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Шарль Мишель: Евробиримдик үчүн сөз эркиндиги маанилүү


Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйында. 2-июнь, 2023-жыл.
Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйында. 2-июнь, 2023-жыл.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Атадагы “Евробиримдик-Борбор Азия” саммитинен кийинки маалымат жыйынында расмий Брюссель үчүн адам укуктары жана басма сөз эркиндиги маанилүү экенин белгиледи. Ал бул тууралуу “Азаттык” радиосунун кабарчысынын “Сиз Борбор Азия лидерлери менен жолугушууда чөлкөмдөгү адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрдүңүзбү?” деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Европа Биримдиги сөз эркиндигин жогору баалары айныксыз жана эч кимге жашыруун эмес. Адам укуктары өтө орчундуу маселе. Биз өнөктөштөрүбүз менен өз ара алака-катышыбыздын ар кыл өңүттөрүнө байланышкан бардык маселелерди талкуулайбыз”, - деп кошумчалады ал.

Чолпон-Атадагы саммитти утурлай беш укук коргоочу уюм Шарль Мишелге кат жолдоп, аны региондогу укук бузууларга байланыштуу маселени Борбор Азиянын лидерлери менен жолугушуусунда көтөрүүгө үндөгөн.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Адам укуктары боюнча бюро (Казакстан), "Лигал просперити" фонду (Кыргызстан), Адам укуктары боюнча демилге (Түркмөнстан) жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясы (Франция) кол койгон.

Бул уюмдар Мишелди региондогу адам укуктарынын абалын жакшыртууну Еврошаркет менен өнөктөштүктүн негизги шарты катары талап кылууга үндөшкөн. Укук коргоочулар ошондой эле чөлкөмдө былтыркы саясий кризистер маалында адам укуктарын бузууга жеткиргендерди жоопко тартуу керектигин белгилешип, Казакстан, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстанда бийлик нааразылык акцияларын күч менен басканын, Кыргызстанда укук коргоочу Рита Карасартованын абакта отурганын, журналист Болот Темиров күч менен депортацияланганын да мисал келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG