Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

"МедиаХаб" Кыргызстандагы орус пропагандасы жөнүндө иликтөө жарыялады


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

“МедиаХаб” медиасынын журналисттери интернет жана социалдык тармактардагы орус пропагандасынын таасири жөнүндө видео жарыялады.

Иликтөөдө кыргыз тилинин таламын талашкан же болбосо жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгесин көтөргөн аткаминерлерди, саясатчы, жарандарды социалдык тармактарда байма-бай каралаган баракчалардын байланышын иликтешкен.

“Салам Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Персона дня” ж.б. онлайн ресурстарды анализдеп, алар АКШ, Батышка каршы билдирүүлөрдү таратканын аныкташкан. Ошол эле учурда алар Орусиянын пропагандасына шайкеш келген постторду жарыялап турганы айтылат.

Иликтөөдө өлкөдөгү “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” сыяктуу басылмаларды каралап, мындай жарыяларды социалдык тармактардагы фейк баракчалар тынбай таратышарын көрсөттү. Иликтөөдө журналист мындай көрүнүш Кыргызстанда эмес Борбор Азияда дагы бар экенин белгиледи.

“Азыркы учурда Борбор Азияда Кремлдин өлкө ичиндеги окуяларга болгон көз карашын жана Украинадагы согушту жактаган пропаганда ресурстарынын ири онлайн-тармагы иштеп жатат. Бул ресурстардын авторлору ишин социалдык тармак жана мессенжерлер аркылуу анонимдуү түрдө жүргүзүшөт. Фейк жана манипуляцияны колдонуу менен алар чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички саясатына активдүү аралашат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатына каршы чыгып, жергиликтүү саясатчыларды каралоо кампаниясын жүргүзүшөт”, - деди журналист.

Видеодо бул онлайн ресурстардын Борбор Азиянын Батыш, АКШ менен мамилесин гана эмес, Кытай, Түркия алакасынын жакшырганын сындаганы айтылат.

Буга чейин “Азаттык” кыргыз социалдык медиасына оогон орус пропагандасы жөнүндө макала даярдаган. Анда Орусиянын телеканалдарынан чыккан кээ бир программалар кыргыз аудиториясы үчүн иштеген айрым YouTube каналдарга да жарыялана баштаганы айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG