Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:15

“Биз Киргизия эмеспиз” кеңейтмеси эл аралык сынакта жеңди


BIRTOPS креативдик агенттиги жана көз карандысыз программисттер иштеп чыккан кеңейтме
BIRTOPS креативдик агенттиги жана көз карандысыз программисттер иштеп чыккан кеңейтме

Веб-сайттардагы “Киргизия” деген сөздү автоматтык түрдө “Кыргызстан” деп оңдогон атайын кеңейтме White Square эл аралык креатив фестивалынын Non-profit/charity (коммерциялык эмес, кайрымдуулук) номинациясында алтын байгеге ээ болду. Бул жөнүндө долбоордун авторлорунун бири Нурсултан Бакыт билдирди.

“Биз өз позициябызды билдирип гана тим болбостон, өлкөбүздүн орусча аталышына байланыштуу маселеде креативдүү ыкмабызды эл аралык деңгээлде тааныта алдык”, - деп айтылат авторлордун билдирүүсүндө.

White Square - Европадагы ири креатив фестивалы. Ага дүйнөнүн булуң-бурчундагы 35тен ашуун мамлекеттен келген катышуучулар креатив, брендинг, санарип, медиа, маркетинг кызматы сыяктуу 10го чукул багыт багыт боюнча 200дөн ашуун номинацияда ат салышат.

Быйыл апрелде Кыргызстандагы BIRTOPS креативдик агенттиги жана көз карандысыз программисттер Google Chrome браузеринин веб-версиясы үчүн кеңейтме иштеп чыккан. Интернет колдонуучулар аталган браузердин онлайн дүкөнчөсүнөн “МЫ – КЫРГЫЗСТАН” аттуу кеңейтмени таап, орнотуп алат. Андан кийин кайсы бир сайттардагы “Киргизия” деген сөз кызыл түстө үстүнөн чийилип, дароо жанына “Кыргызстан” деп оңдолуп калат. Кеңейтме акысыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG