Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусиянын Белгород шаарында жарылуу болгону, дрон кулаганы кабарланды


Белгород шаары. Орусия, 1-июнь, 2023-жыл
Белгород шаары. Орусия, 1-июнь, 2023-жыл

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков шаарда белгисиз жабдык жарылганда эки киши жабыркаганын билдирди. Ага чейин жергиликтүү Телеграм-каналдарда көчөлөрдүн биринде катуу добуш угулганын жазышкан. Гладковдун айтымында, мээси чайкалган бир киши ооруканага жеткирилди, экинчиси жеңил жаракат алды.

BAZA Телеграм-каналы атайын кызматтар Белгороддо дагы бир учкучсуз учак кулаганын жазды.

“Свобода” радиосу кабарлагандай, бейшембинин таңынан бери Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоолор жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар түшүп жатты. Бир катар Телеграм-каналдар, анын ичинде кремлчил ресурстар, Шебекино шаарынын жанындагы текшерүү пункту танктардын чабуулуна туш болгонун жазышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги ушул эле күнү “Шебекинонун карапайым тургундарына каршы теракт жасоо максаты ишке ашпаганын”, Украинанын аймагынан Орусияга кирүү аракетинин мизин кайтарганын билдирди. Маалыматка ылайык, каршы тарап танктарды колдонгон.

Украин тарапта күрөшүп жүргөн “Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” согушкерлери видео жарыялап, орус аймагына кол салуунун экинчи фазасы тууралуу билдиришти. Алар бир нече күн мурун облустун Грайворон районуна кирип барышкан. Видео кайда тартылганы белгисиз.

Корпус Шебекино шаарындагы Ички иштер бөлүмүн "Град" жабдуусунан аткылашканын билдирди. Маалыматты текшерүү мүмкүн эмес.

Гладков шаарды украин аскерлери аткылашканын, дүрмөт жатаканага, жергиликтүү администрацияга тийгенин, жатакана өрттөлгөнүн жазды.

Аймактын бийлиги облустагы бир нече калктуу пункт аткыланып жатканын да кабарлады. РИА Новости агенттиги жазгандай, 1-июнда Белгород облусунда 11 киши ооруканага жеткирилди, төртөөнүн абалы оор.

Украин аскерлери Орусиянын аймагын аткылоо жана ыктымал кармаштар тууралуу кабарларды комментарийлей элек.

Буга чейин Белгороддо атышуулар болуп, Киев ага тиешеси жоктугун, ыктыярдуу корпус украин армиясына кирбесин, орус жарандарынан куралганын билдирген.

Би-Би-Си Харьков облусу менен чек арага беш чакырым жакын жайгашкан 40 миң калктуу Шебекинодон эл эвакуацияланып жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG