Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Байсалов Конституциялык соттун депутатка иш козгоо тууралуу түшүндүрмөсүн колдоду


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында Конституциялык соттун депутатка иш козгоо боюнча түшүндүрмөсүн туура деп эсептерин жазды.

"Конституциялык сот Конституцияны коргоого алды. Жогорку Кеңеш жаңы регламентинин 138-беренесине "Депутатка иш козгоо үчүн ЖКнын көпчүлүгүнүн макулдугу керек" деген норма жазып алган, ал эми Конституциянын 78-беренеси көпчүлүктүн макулдугу депутатты жоопко тартуу үчүн гана керектигин талап кылат", - деп жазды.

Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында көтөрүлгөн.

Депутат Жанарбек Акаев Конституциялык соттун жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтып чыккан. Аталган мекеменин парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырган.

Депутат Акаевдин бүгүнкү билдирүүсүнө Конституциялык сот комментарий бере элек.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон.

Конституциялык сотко бул норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган. Ал эч бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөй турганын, юрист катары билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба токтоо максатында кайрылганын айткан.

Конституциялык сот “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык депутатка иш козгоого макулдук алуу тууралуу механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбей турганын жүйө келтирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG