Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

Парламентте “улуттук крокодил” деп айткан профессорго чара көрүү сунушталды


Айнур Жоробекова.
Айнур Жоробекова.

Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында депутат Камила Талиева Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекованын “улуттук крокодил” деп айткан сөзүн сындап, чара көрүүгө чакырды.

“Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде турат “улуттун ар-намысын кемсинтүүгө багытталган аракеттер” деп. Болгондо дагы кафедраны жетектеп, биздин билим берүү программаларыбызды кандай окутуп жатат? Дипломаттын айта турган сөзү ушулбу? Улутка шек келтирген окумуштуулар окуу жайда иштебеши керек. Кылмыш жазасына тартылышы керек”, - деди Талиева.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Тышкы иштер министрлигине бул боюнча иликтөө жүргүзүү боюнча кайрылганын билдирди. Шакиев кафедра башчысынын сөзүн “улутту шылдыңдоо” катары баалады.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы “Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясында тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодилдердин нааразылыгына карабай жогорку окуу жайларда сабак орус тилинде өткөрүлөт” деп айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Жоробекова “улуттук крокодил” деген сөзүнө мындай түшүндүрмө берген:

“Улуттук крокодил" деген бул бир улуттун кишилери эмес, тил жөнүндө эмес. Бул түшүнүк эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон. Улуттук маселени көтөрүп, улут, дин арасына бүлүк салып, чагым кылып, ушул суроону козгогондорду "улуттук крокодил" деп атайт”, - деди Жоробекова.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG