Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Түркия: баштапкы жыйынтыкта Эрдоган добуштардын 53% ашыгын алды


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштар дээрлик толугу менен саналып бүттү.

"Анадолу" маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Анкара убактысы менен кечки саат тогузга карай, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий эсеби боюнча, 190 миң үкөктүн 75% саналып бүттү. Эрдоган 53,41%, Кылычдароглу — 46,59% добуш алды.

Эрдоган Стамбул шаарында миңдеген тарапташтарына кайрылып, "шайлоодо Түркия жеңди" деди. Ал алгачкылардан болуп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын кошумчалады.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгын уккан жүз миңдеген жаран Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу ири шаарларда көчөгө чыгып, Эрдогандын жеңишин майрамдай баштады.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Быйыл ошондой эле 29-октябрда Түркия жумуриятынын 100 жылдыгы белгиленет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG