Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Канн фестивалында “Алтын пальма бутагын” Жюстин Трие алды


Майкл Дуглас менен Катрин Денев фестивалдын ачылышында.
Майкл Дуглас менен Катрин Денев фестивалдын ачылышында.

Францияда Канн кинофестивалынын баш байгеси – "Алтын пальма бутагын" франциялык режиссер Жюстин Трие “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн алды. Ал фестивалдын жабылышында сүйлөп жатып, француз президенти Эммануэл Макронду пенсиялык реформасы үчүн сынга алды.

Ушуну менен 76-жолу өткөрүлгөн кинофестивалда “Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон жапониялык актер Кодзи Якусё “эркектин эң мыкты ролу” сыйлыгын алды. “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды. Гран-при британ режиссеру Жонатан Глейзерге берилди.

Бул ирет калыстар тобун швед режиссеру Рубен Эстлунд жетектеди. Фестивалда Орусияда тартылган тасмалар көрсөтүлгөн жок. Украинадагы согуш, андагы качкындар тууралуу поляк режиссеру Мачек Хамеланын даректүү тасмасы сунушталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG