Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Куранды өрттөөгө шектүү Грозныйдагы тергөө абагына жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Волгоград шаарында мечиттин жанында Куранды өрттөгөн деген айып менен кармалган Никита Журавль Чеченстандын борбору Грозный шаарындагы тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды. Анда кылмышка шектүүнү абактын жанында "жаалданган тургундар" тосуп алганы, алардын айрымдары "Курандан колуңду тарт!", "Сатанистке элдик жазалоо", "Орусия - диндердин өлкөсү" деген жазууларды көтөрүп турганы айтылат.

Журавль Чеченстанда соттолорун улуттук саясат министри Ахмед Дудаев билдирген. Анын сөзүнө караганда, мындай чечимди федералдык бийлик өкүлдөрү кабыл алган. Анын алдында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин кылмыш ишин Грозныйга өткөрүп берүүнү тапшырган. Юстиция министрлиги дагы шектүүнү "мусулмандар үстөмдүк кылган" региондогу колонияга жөнөтүүнү сунуштаган.

Севастополдо туулган 19 жаштагы Журавль өткөн аптада кармалган. Анын алдында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Волгоградда борбордук мечитке жакын жерде тартылган делген 11 секундалык видео жарыялаган. Маалыматка ылайык, кармалган киши курьер болуп иштеген.

Тергөөчүлөр ал 19-майда украин атайын кызматынын тапшырмасы менен акчага Куран китебин өрттөгөн деп айтышкан. Тергөө комитети билдиргендей, шектүү күнөөсүн моюнга алганын, кошуна өлкөнүн коопсуздук кызматы үчүн аскердик жайларды тартып жүргөнүн айткан. Ошол эле маалда тыңчылык тууралуу иштин козголгону маалымдалган эмес.

Динзарлардын сезимин мазактоо беренесинде үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Курандын Швецияда өрттөлүшүн Украинага каршы согушту актоо үчүн пайдаланган. Ал апрелде Москвада мусулмандардын ыйык китебин өрттөө үчүн Киевди айыптаган. Бирок ал окуяга байланыштуу кимдир бирөөнүн кармалганы маалымдалган эмес.

Украина буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG