Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Орунбеков мектептерде акча чогултууну уланткандар жазаланарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мектептерде акча чогултуу, коомдук фонддорду түзүүнү тыйган жарлыкты аткарбагандар жазаланарын эскертти. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Буга чейин, мектептин ремонту, керектүү жабдыктар үчүн ата-энелерден акча чогултуу болуп келген. Бир нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабай, ата-энелердин комитетинин фонду деген шылтоо менен акча каражаты чогултулган. Бул аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратып, кадимкидей көйгөйгө айланган. Президенттин жарлыгы күчүнө кирди, эми акча чогулткан мектеп директору, мугалимдерине мыйзам чегинде жаза берилет. Жарлыкты аткарбай кайра эле акча чогулткандар жазаланасыңар!”, - деп жазды.

Мунун алдында,26-майда Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документте мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилет.

Маалыматта өкмөт, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептерде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларды алдын алуу үчүн аракет кылып жатканы айтылат. Ага карабай окуучулардын ата-энелери окуу классын оңдоого, кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын жана башка) сатып алууга жыл сайын акча каражаттарын чогултуу тажрыйбасы уланып жатканы белгиленген.

Бул көбүнчө мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин ата-энелер комитеттеринин басымы аркылуу ишке ашары да көрсөтүлгөн.

Мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Ушул тапта Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон акча мугалимдин айлыгына кошумчага, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп турат.

Фонддун акчасы тууралуу ачыктык жоктугун айткан ата-энелер бир жылдары өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларын уюштуруп келген. Ал эми кээ бир мекемелердин кызматкерлери жумушу оор экенин, мамлекет төлөгөн айлык аз болгондуктан ата-энелер фондунун кошумча маянасы үчүн гана иштеп жүргөнүн билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG