Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

“Кумтөр Голд” ишканасы жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрдү


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөр кенинен 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу компаниянын ишинин жыйынтыгын чыгарган маалыматта баяндалат.

Ишкана аталган мөөнөт ичинде салыктарды, социалдык чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп санаганда бюджетке 48,1 млн. доллар төккөн.

“Кумтөр Голд Компани” компаниясына ээлик кылган “Кыргызалтын” ачык акционердик коому быйыл өндүрүлгөн алтындын 2 412 кг алтынын саткан. Мындан түшкөн киреше 146,7 миллион долларды түзгөн.

2022-жылдын биринчи чейрегинде ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 068 кг алтын өндүрүлгөн. Компания көлөмдүн өсүшүн фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу жана рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашы менен түшүндүргөн.

2021-жылдын май айында кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Соттук териштирүүлөр бир жылча уланган.

Тараптар узак талаш-тартыштан кийин келишип, 2022-жылдын 4-апрелинде атайын келишимге кол коюшкан. Президент Садыр Жапаров бул жөнүндө ошол эле күнкү түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жар салган. Ал муну өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп сыпаттаган жана "Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга тиешелүү экенин айткан.

2021-жылы кенде 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан.
2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG