Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:44

УКМК: Орунтаевге иш козголду, ал "Батуминин" чыгымын төлөп бермей болду


Нурдан Орунтаев.
Нурдан Орунтаев.

Бишкектеги “Батуми” кафесине байланыштуу чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда кабарлап, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде козголгонун билдирди.

Тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгени, териштирүү уланып жатканы маалымдалды.

“Батуми” кафесин буздуруунун жана Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын өкүлдөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин ээси унаа токтотуучу жай катары муниципалдык жерди тийиштүү ижара келишимисиз пайдаланып, мыйзам талаптарын бузуп жүргөнү аныкталды. Ошол эле учурда бул тармакка жооптуу вице-мэр Нурдан Орунтаевдин мыйзамга дал келбеген аракеттери аныкталды. Себеби ал кафенин конструкциясын бузуунун ордуна бирөөнүн мүлкүн түздөн-түз жок кылуу жолу менен буздурууну уюштурган. Натыйжада имаратка 3 миллион сомдон ашуун суммага зыян келтирилген”.

Орунтаев бүгүн 26-майда УКМКга сурак берип жатканы кабарланган.

“Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.

“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик”, - деп билдирген Абакиров.

Анын айтымында, "Батумиге" ээлик кылган "Эстоунд" коомунун колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Нурдан Орунтаев 25-майда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирген:

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.

Жал кичи районунун тушунда жол боюнда жайгашкан "Батуми" буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG