Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Вице-мэр Орунтаев суракка чакырылганы тууралуу маалыматты четке какты


"Батуми" ресторанын бузуу учуру. 24-май, 2023-жыл.
"Батуми" ресторанын бузуу учуру. 24-май, 2023-жыл.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев өзүн Улуттук коопсуздук боюнча комитети суракка чакырды деген маалыматтарды четке какты. Ал "Азаттыкка" эч кандай чакыруу албаганын айтты.

"Жок, мен жумушта эле отурам азыр. Эч жакка барган да жокмун. Чакыруу да келген жок", - деди Орунтаев.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 25-майда күч кызматтарындагы булактарына таянып, Орунтаев Бишкектин Жал кичи районундагы "Батуми" ресторанын буздургандан кийин УКМКга суракка жеткирилгенин жазып чыгышкан.

Андан мурдараак УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ресторандын "мыйзамсыз бузулушуна байланышкан маселе менен жеринен таанышып келгенин" мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган. "Батуминин" ээси Кадича Бечелова Ташиевге алдын ала расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айткан.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине маселенин чоо-жайын аныктоону, эгерде ал мыйзамсыз бузулган болсо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырганы маалымдалды.

"Батуми" кафеси 24-майда буздурулган.

Бишкектин вице-мэри буга "көптөгөн эреже бузуулар негиз болду" деген жүйө келтирген.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик ресторандын ээлерине аны буздурушу керектиги жөнүндө эскертүү 17-майда жөнөтүлгөн. Талап аткарылбагандыктан, 24-майда бузуу иштери жүргүзүлгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG