Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Мадумаров комитетте каралбаган келишимдин сессияга киргизилишин сынга алды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 25-майдагы сессиясында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 3 млн. долларлык гранттык макулдашууну ратификациялоо тармактык комитетте каралбаганын айтты. Маселени күн тартибинен алып коюуну сунуштады.

Сессияда быйыл 31-январда Бишкекте кол коюлган энергетика тармагын модернизациялоо жана өнүктүрүү тууралуу мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилген.

Мадумаров парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны буга чейин эки жолу болбой калганын билдирди.

"Кыргызстанга тиешелүү болгон башка мыйзамдарды ушундай кылып чечип алса болот. Эл аралык маселеге келгенде сөзсүз талкуу болуш керек. Сурамжылоо жолу менен деген өтө сейрек учурда каралышы керек. Анда биз баарыбыз тарап кетели дагы, онлайн форматында сурамжылоо жолу менен иштей бербейлиби. Мыйзамдарды деле кабыл ала берсек болот экен", - деди ал.

Сөз болгон тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов буга макулдашуу сурамжылоо жолу менен күн тартибине кирди деген жооп кайтарды.

Комитетте каралбаган маселени парламенттин жыйынына алып чыгуу туура эмес экенин депутаттар Балбак Түлөбаев жана Улан Бакасов да айтышты. Кээ бир эл өкүлдөрү энергетика тармагына байланыштуу мааанилүү макулдашууну кароону уланта берүүнү сунушташты.

Жыйынтыгында парламент мыйзамдын долбоорун кароону улантып, экинчи окууда колдоду.

Быйыл мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктан Кыргызстан энергетика тармагы үчүн 50 миллион долларды 38 жылга 0,75% пайыздык чен менен аларын, анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону грант болорун айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG