Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат


ЖЕЭКтин жыйынынын катышуучулары. Москва. 25-май, 2023-жыл
ЖЕЭКтин жыйынынын катышуучулары. Москва. 25-май, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышып жатат. Анда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери каралып жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түштү.


Андан кийин жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы.

Евразия экономикалык форумунун алгачкы жыйыны 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн. Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жылдык мөөнөттө аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Быйыл биримдикке Орусия төрагалык кылып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG