Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

“Батуминин” ээси укук коргоо органдарына кайрылды


"Батуми" кафеси. 2023-жылдын 24-майы.
"Батуми" кафеси. 2023-жылдын 24-майы.

Бишкектеги “Батуми” кафесинин буздурулушуна байланыштуу анын ээси укук тартибин коргоо органдарына арызданды. Бул тууралуу бүгүн 25-майда кафеге ээлик кылган «Эстоунд» коомунун юристи Кайсын Абакиров билдирди.

“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана аларды тез аранын ичинде камоону жана бул оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз”, - деп билдирди Абакиров.

Анын айтымында, «Эстоунддун» колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Кафенин сметалык баасы 80 миллион сом экенин, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 миллион сомго бааланып жатканын айткан адвокат Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кафени буздуруу тапшырмасы берилген 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты бар экенин, бирок ал бузууга негиз боло албай турганын кошумчалады.

"Батуми" буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

Бишкек мэриясы кафени буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча "көптөгөн эреже бузуулар" негиз болгонун билдирген. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:

“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде «Эстаунд» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшкөн, чыр-чатактар катталып келген”.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери 24-майда жүргүзүлдү.

Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.

“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG