Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бельгияда 16 жаштагыларга Европарламенттин мүчөлөрүн шайлоо укугу берилди


Белгиялык кыз.
Белгиялык кыз.

Бельгиянын өкмөтү Европарламентке шайлоодо добуш берүү үчүн минималдуу жаш куракты кыскартты. Эми 16 жашка чыккандар Европарламенттин депутаттарын шайлоого укуктуу.

Ички иштер министри Аннелиз Верлинден жаштарга кайрылып: "Биз сиздин үнүңүздү, пикириңизди билүүнү, аны эске алууну каалайбыз", - деди.

Жаңы эрежеге ылайык, 2024-жылдагы шайлоого 280 миң өспүрүм катышууга мүмкүнчүлүк алды. Добуш берүүнү каалаган өспүрүмдөр алдын ала каттоодон өтүшү керек.

Euronews кабарлагандай, Мальта, Германия жана Австриядан кийин Бельгия 16 жаштагыларга шайлоо укугун берген төртүнчү өлкө болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG