Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Президент Жапаров Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн Москвага барды


Президент Садыр Жапаров "Внкуово" аэропортунда. Москва. 24-май, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров "Внкуово" аэропортунда. Москва. 24-май, 2023-жыл

Орусияда 24-майда II Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Ага катышуу үчүн Москвага барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Внуково аэропортунан орус тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. Президенттер биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Садыр Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат баштаган жоон топ коштоп жүрөт.

Евразия экономикалык форумунун алгачкы жыйыны 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн. Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жылдык мөөнөттө аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG