Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Президент Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Орусияга учуп кетти.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында Жапаров 24-майда “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, юстиция министри Аяз Баетов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы Самат Кулмамбетов жана экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев бар.

Евразия экономикалык форумунун алгачкы жыйыны 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн. Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG