Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Ленин округу: шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан талапкер Бакытбек Мураталиев баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдап, ал шайлоого катышпасы тууралуу Боршайкомго шайлоо бюллетени басылып чыккандан кийин маалымдаганы үчүн, 100 миң сомдук күрөөнү кайтарылбай турганын билдирди.

Аталган аймактан шайлоого 29 талапкер катышат. Башында 32 талапкер катталып, кийин үчөө баш тартты.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-майда өтөт.

Аталган шайлоо аймагынан мурда депутат болгон Жаныбек Абиров түнкү клубдагы калайман мушташка катышканы ачыкка чыккандан кийин, 27-мартта мандатын тапшырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG