Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

Орус армиясы Украинага "Шахед" дрондору менен чабуул койду


Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн орус армиясынын дрону. 8-май, 2023-жыл.
Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн орус армиясынын дрону. 8-май, 2023-жыл.

Соңку бир сутка ичинде орус аскерлери Днепропетровск, Запорожье, Харьков облустарынын аймагына жалпысынан 20 жолу ракеталык сокку урду.
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук күчтөрүнүн башкы штабы 23-майда билдирди. Андан тышкары орус армиясы Иранда чыгарылган “Шахед” жанкечти дрондору менен 48 жолу сокку урганы маалымдалды.

Ал арада Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 23-майда билдиргендей, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки үйгө дрондор менен чабуул коюлду.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Украин аскерлери Бахмутта жана анын четинде айыгышкан салгылаш уланып жатканын билдиришти. Алар Бахмутта бир аз аймакты көзөмөлдөп жатышканын, калааны курчап алууга жакындап калганын кабарлашууда. Орусия 21-майда шаарды толугу менен карамагына алганын жарыялаган. Украин армиясы Бахмут толук колдон чыга элек деп маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG