Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Президенттин маалыматтык саясат кызматы Кошалиевдин ыйгарым укуктары тууралуу түшүндүрмө берди


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 22-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегине байланыштуу маалымат таратты.

Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүдө Орунбеков Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабына минтип жооп берген:

"Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз", - деп жазды.

Орунбеков Кошалиевдин журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев менен болгон маектери "өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү" деп саналарын, алар мамлекеттик маалымат каражаттарынан көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

20-майда Биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары жыйын өткөрүп, анда Кошалиевге курултайдын төрагасы катары ишеним көрсөтпөө тууралуу протокол кабыл алынган. Интернетке жарыяланган видеодон жыйынга Кошалиев өзү да катышканын, бул сөздөр анын көзүнчө айтылганын көрүүгө болот.

15-майда Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен уюштурган интервьюсу Ютубдагы жеке каналына жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган. Андан кийин интернетте Кошалиевдин мурдагы президент Аскар Акаев менен маеги жарыяланган. Эки интервью тең коомчулукта катуу сындалып, Кошалиевди Элдик курултайдын төрагалыгынан жана УТРКдан иштен алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен уюштурулганын, ал үчүн УТРК техникалык жана башка колдоо көрсөтпөгөнүн билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG