Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Кыргызстан-Кытай жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу макулдашылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Кытайдын электротехникалык ТВЕА компаниясы менен жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу тууралуу макулдашууга кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 22-майда билдирди.

Макулдашуунун негизги максаты – Кыргызстандан Кытайга карай 220-500 кВ электр берүүчү аба чубалгысын куруу экенин билдирген мекеме ал аркылуу өлкөдө өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк ачыларын белгиледи.

Бул долбоор алкагында электр линиясы Жалал-Абад облусундагы “Датка” подстанциясынан “Эркеч-Там” чек ара пунктуна чейинки аралыкта курулат. Нарын облусундагы “Ак-Кыя” подстанциясынан “Торугарт” чек ара пунктуна чейин куруу варианты да караштырылып жатат.

Кыргызстан эгемендик жылдары электр тармагын реформалоо үчүн сырттан жалпысынан 137 миллиард 87 миллион сомдук (болжол менен 2 миллиард долларга жакын) насыя алганы быйыл февраль айында Жогорку Кеңештин отурумдарынын биринде айтылган.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр жарыгы калктын керектөөсүнө жетпегендиктен Кыргызстан жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн 5-апрелде Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салуу иш-чарасында айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG