Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Акаевдин лекциясына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Аскар Акаевдин УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл
Аскар Акаевдин УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында мурдагы президент Аскар Акаевдин Бишкектеги айрым окуу жайларда өтүлөт делген лекциясы боюнча маселе көтөрүлдү. Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев лекция тууралуу Акаевдин санаалаштары кайрылганын билдирди.

"Биз расмий түрдө лекция тууралуу мугалимдерге дагы студенттерге берген эмеспиз. Аскар Акаевдин тарапташтары ушундай уюштуруп бергиле деп кайрылган. Биз ойлонолу деп расмий жооп бергенбиз. Бирок болот деп убада берген эмеспиз", - деди ректор.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев үч жерде белгиленген лекция болбой калганын кошумчалады.

"Так эмес, бирок үч жерде лекция белгиленген экен. Илимдер академиясы, Улуттук университети жана техникалык университетте. Үчөө тең биз менен макулдашылган эмес. Ал 26-29-майга белгиленген экен. Үчөө тең болбойт. Бул жерде саясий, моралдык маселе. Коомчулуктун терс реакциясын эске алып, үчөө тең лекция болбойт деп чечим чыгарыптыр", - деди Иманалиев.

Айрым депутаттар студенттердин нааразылыгын пайда кылып, коомчулукта талкуу жараткан Акаевдин дарсына уруксат берген жетекчилерге чара көрүүнү министр Иманалиевден талап кылышты жана "Акаевдин лекциясына азыр муктаждык жок" дегене пикирлер айтылды.

Мурдагы президент Аскар Акаев жубайы менен чогуу 18-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени белгилүү болгон. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Илимдер академиясы менен Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинде лекция окуй турганын "Азаттыкка" билдирген.

Буга чейин Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышкан. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыялаган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Акаев 2005-жылдан бери 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындашып, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Ага 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин автору.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG