Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Путин Бахмутту алды деп "Вагнерди" куттуктады, Украина күрөш уланып жатканын билдирди


Украинанын аскерлери Бахмут шаарына жакын жерде.
Украинанын аскерлери Бахмут шаарына жакын жерде.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бахмутка көзөмөлдү колуна алды деп "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясын жана орус аскерлерин куттуктап, күжүрмөндүк көрсөткөндөргө мамлекеттик сыйлык убада кылды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы жекшембиге оогон түндө маалымдады.

ТАСС агенттиги келтирген цитатага ылайык, орус президентинин куттуктоосунда биринчи кезекте "Вагнердин" чабуулчу отряддары" аталып, андан кийин гана "Орусия куралдуу күчтөрүнүн аларга колдоо көрсөткөн аскерлери" деп жазылган. Буга чейин Путин жана Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада согушка менчик аскер компанияларын жана "жалданган ыктыярчылардын" катышып жатканын айтуудан карманып келишкен.

Коргоо министрлигинин маалыматы да Путиндин куттуктоосуна окшош жазылган.

"Вагнердин" чабуулчу отряддарынын аракетинин жыйынтыгында, "Түштүк" авиациялык жана артиллериялык топтордун колдоосу менен Артемовск (Бахмут шаарынын мурунку аталышы) шаарын бошотуу аягына чыкты", - деп жарыялады министрлик 21-майга караган түндө.

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жоочулары Бахмутту басып алганын 20-майда күндүз жар салган.

Украин тарап Бахмуттун басып алынганын төгүндөгөн. Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Малярдын ишембидеги билдирүүсүндө "украин аскерлери шаардагы өнөр жай жана инфраструктуралык обьектилерди көзөмөлдөп турушканы" айтылган. Маляр калаадагы кырдаал оор экенин ырастаган.

Киевдеги Башкы штаб жекшембинен таңында "Бахмут багытында душмандын чабуулу уланып жатканын, шаар үчүн күрөш токтой электигин" кабарлады.

Бахмут - Донецк облусундагы райондун борбору. Батыш өлкөлөрүнүн маалыматына ылайык, Бахмутта эки тарап тең оор жоготууларга учурады. Шаар катуу кыйрады.

Алар ошол эле учурда Бахмут шаарынын алынышы - стратегиялык мааниге ээ эместигин белгилешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG