Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

Кремль АКШнын 500 жаранына, анын ичинде Обамага Орусияга кирүүгө тыюу салды


Барак Обама.
Барак Обама.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун чечимине жооп катары АКШнын 500 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын кабарлады. Алардын арасында мурдагы президент Барак Обама дагы бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин тизмесине аткаруу бийлигинин ар кандай деңгээлдеги жетекчилери, Конгресстин мүчөлөрү, аскердик компаниялардын жетекчилери, америкалык уюмдардын талдоочулары, изилдөөчүлөрү, журналисттер, телеалпаруучулар жана эксперттер кирет.

Мурдараак АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларды кеңейтип, 46 орусиялык жаранды тизмеге киргизген. Алардын арасында вице-премьер-министр Виктор Абрамченко, агартуу министри Сергей Кравцов, омбудсмен Татьяна Москолькова, президенттин жардамчысы Игорь Левитин бар.

Чектөөлөргө Орусия президентинин аппаратынын көзөмөл департаментинин башчысы Дмитрий Шалков, "Интеррос", "Восход" фондунун башкы директору Руслан Саркисов, Санкт-Петербург тоо-кен университетинин ректору Владимир Литвиненко, Татарстандын жаштар иштери боюнча министри Ринат Садыков, орусиялык миллиардер, "Меркурий" мамлекеттик компаниясынын кожоюндарынын бири Игорь Кесаев кирген.

Reuters агенттиги 71 компания "кара тизмеге" киргизилгенин, анын 69у Орусияга, бири Кыргызстанга, дагы бири Арменияга таандык ишканалар экенин жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG