Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Батыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырды


Батыш Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырат жана аны тыкыр көзөмөлдөйт.

Бул тууралуу Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 19-майда Бишкекте журналисттер менен жолуккан учурда билдиришти.

Кернс кыргыз тарап бул товарларды Орусияга экспорттоонун кесепетин түшүнүп турганын белгиледи. Бирок кайсы товарлар экенин так айткан жок.

Британ парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанга 18-майда келген. Алар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жана депутаттарга жолуккан.

Кыргыз өкмөтү санцияларга байланыштуу кандай сүйлөшүү болгону тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ушул аптада АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти. Reuters агенттиги 71 компания "кара тизмеге" киргизилгенин, анын 69у Орусияга, бири Кыргызстанга, дагы бири Арменияга таандык ишканалар экенин билдирди.

15-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Батыш мамлекеттеринин ыктымал санкциялары тууралуу Орусиянын “Россия-1” телеканалына комментарий берген. Анда ал Бишкек өзүнүн эрежелерин сактай турганын айткан.

Буга чейин апрель айында Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид, АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод, март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Кыргызстанга өз-өзүнчө келип кетишкен. Алар ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуп, Бишкекке Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө көмөктөшпөөнү эскерткен.

АКШнын өкүлдөрү санкцияга илинген товарлардын тизмеси кыргыз өкмөт өкүлдөрүнө, жеке компанияларга берилгенин белгилешкен.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Каржы министрлиги Орусия жана Беларуска санкцияга илинген товарларды өткөрүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Булардын катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген.

Кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда бейтарап позицияны карманарын айтып келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG