Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Кытай лидери Бээжин Борбор Азияга 26 миллиард юань бере турганын айтты


Кытайдагы саммит.
Кытайдагы саммит.

Кытайдын лидери Си Цзинпинь Бээжин Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же төрт миллиард долларга жакын каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя берерин билдирди.

Си Цзиньпин 19-майда "Кытай – Борбор Азия" саммитинде сүйлөгөндө дүйнөгө туруктуу, өнүккөн жана күчтүү байланыштары бар Борбор Азия керектигин айтты.

"Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, ал Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо органдарынын коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле Си Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө тууралуу айтып, Бээжин аймактагы өлкөлөрдүн "эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн" колдой турганын билдирди. Мындан тышкары чөлкөмдө энергетика жана атомду тынчтык максаттарда пайдалануу тармактарында кызматташууну сунуштап, Кытайга мунай жана газ экспортун көбөйтүүгө чакырды.

Сиань шаарында өтүп жаткан "Кытай - Борбор Азия" саммитине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы саясий байланыштарды бекемдеп, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы турууда күчтөрдү бириктирүүгө кызыкдар экенин айтты.

Борбор Азия лидерлеринин бири дагы Шинжаңдагы мусулмандардын маселесин көтөргөн жок. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет. Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG