Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

“Тойбосс” колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди


Мырзабек Орумбаев, "Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
Мырзабек Орумбаев, "Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

“Тойбосс” компаниясы продукцияларына жүргүзүлгөн лабораториялык текшерүүлөрдө алар өндүргөн колбасалардан чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди.

Ишкананын социалдык тармактардагы баракчаларына чыккан маалыматка караганда, Кыргызстандагы эки, Казакстандагы бир жана Орусиядагы бир ветеринардык лабораторияларга 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын баарынан тең чочконун эти чыккан эмес.

Изилдөөлөрдү Бишкектеги Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору, “Адал-Азык” компаниясы, Орусиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясы, Казакстандын “Эркин Талгам” сыноо лабораториясы менен “Нутритест” ишканасы жүргүзгөн.

“Биздин компания продукцияларын Орусияга туруктуу экспорттоп жатат. ДНК тестти өткөрүү өтө оор экен. Бир эле протокол бир жумада даярдалат экен. Ошондуктан бир ай убакыт кетип калды”, - деди “Адал-Азык” ишканасынын директору Мырзабек Орумбаев.

Апрель айынын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” дооматты четке каккан.

Февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлап, аларды Орусияга киргизүүгө убактылуу тыюу салган. Бул чектөө май айында кайра алынды.

Россельхознадзор 21-апрелде Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга да тыюу салган. Мекеме кыргыз өндүрүүчүлөрү “чийки зат кайдан жана кимден алынарын, анын сапатын тастыктай албай жатат” деген доомат койгон.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөшкөн. (BT0)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG