Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Ирандын президенти Ооганстанды суу келишимин сактоого чакырды


Систан-Балучистан аймагындагы суу тартыштыгы. Иран. 18-май, 2023-жыл
Систан-Балучистан аймагындагы суу тартыштыгы. Иран. 18-май, 2023-жыл

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Ооганстандагы "Талибан" режимин чек арадагы суу пайдалануу келишимдерин бузгандыгы үчүн айыптады. 18-майда Систан-Балучистан аймагына барган президент “Ооганстанды башкаргандар Ирандын сууга болгон укуктарын олуттуу кабыл алууга тийиш” деп эскертти.

Мунун алдында талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жана Ирандын тышкы иштер министри Хоссейин Амир-Абдоллахиан телефондон бир нече маселени, анын ичинде Гилменд дарыясынан суу өткөрүүнү талкуулашкан.

Амир-Абдоллахиан "суунун Ооганстандын да, Ирандын да элине жетиши үчүн" "Талибандан" Кажаки плотинасын ачууну суранды.

Талибдердин расмий адамдары дарыя тартылгандыктан, дамбаны ачышса да, суу Иранга чейин кетпесин билдирген. Бирок Тегерандын өкүлү муну 1973-жылдагы келишимге ылайык биргелешкен техникалык топ гана аныктай аларын айтты. Министрдин айтымында, ислам жумурияты Кажаки плотинасын текшерип чыгуу максатында ошондой топ түзүүнү сунуш кылды.

1973-жылдагы келишимге ылайык, Ооганстан Иранга Гилменд дарыясынан жыл сайын 850 миллион куб метр суу берип турууга милдеттүү. Ооганстандын бир нече жыл бою келишимди аткарбаганы эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселеге айланды.

Иранда бир катар аймактарда суу тартыш болууда. Буга нааразы болгондордун акциялары кадимки көрүнүшкө айланып баратат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG