Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

АКШнын Монтана штатында ТикТокко тыюу салынды


Монтана ТикТокко тыюу салган АКШдагы биринчи штат болуп калды. Кытай ээлик кылган кыска видеолорго адистешкен популярдуу платформаны өлкөдө 150 миллиондой киши колдонот.

Монтананын губернатору Грег Жанфорте шаршембиде тиешелүү мыйзамга кол койду. Анын айтымында, бул кадам штат тургундарынын жеке маалыматтарын "Кытай Коммунисттик партиясынан" коргойт.

Эми Google же Apple компанияларына штаттын аймагында ТикТок тиркемесин сунуш кылууга тыюу салынат. Мыйзам 2024-жылдын январында күчүнө кирмекчи.

Батышта тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытайдын бийлигине өткөрүп берип, жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.

Евробиримдиктин бардык институттарында, Британия, Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Дания, АКШ, Тайванда ТикТокту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.

АКШда андан тышкары айрым коллеж, университеттерде да ТоикТокту пайдалануу мүмкүн эмес

Ал эми Индия бул тиркемени өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын “кара тизмесине” киргизген.

Быйыл мартта Кошмо Штаттарда платформага тыюу салуу демилгесине каршы акциялар болгон. Катышуучулар сөз эркиндигине көлөкө түшөрүн айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG