Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Кыргызстандын курама командасына 33 футболчу чакырылды


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2022-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2022-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте 1-9-июнь күндөрү машыгууларды өткөрөт. Кыргыз футболдук союзунун басма сөз кызматы бул CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине даярдык экенин билдирди.

Улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин штабы 33 оюнчудан турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Тизмеге Кыргызстандын курамасына төрт жылдан бери чакырылбай калган коргоочу Азамат Байматов, чабуулчу Антон Землянухин да кошулду.

(Толук тизме төмөндө)

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 турниринде Кыргызстан “В” тайпасында Иран жана Ооганстан менен ойнойт. Оюндар июнь айында Бишкекте өтөт. “А” тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары бар. Бул тайпадагы оюндар Ташкентте болот.

CAFA NATIONS CUP-2023 быйыл биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат.

Кыргыз футбол бирлиги Штефан Таркович менен май айынын башында 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн. 50 жаштагы Таркович 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. CAFA турнири анын Кыргызстандын курамасы менен биринчи мелдеши болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG