Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

Украин бийлиги Киев кайрадан ракета чабуулуна туш болгонун билдирди


Киев облусунда атып түшүрүлгөн ракета. 18-май, 2023-жыл.
Киев облусунда атып түшүрүлгөн ракета. 18-май, 2023-жыл.

Орусия түн ичинде Украинанын бир катар аймактарына ракетадан сокку урду. Киев майдын башынан бери тогузунчу жолу аба чабуулуна туш болду. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко мурда болуп көрбөгөндөй интенсивдүү жана кубаттуу соккулар урулганын билдирди. Анын айтымында, Каспий деңизи тараптан Ту-95МС жана Ту-160 бомба таштаган учактардан Х-101/555 үлгүсүндөгү канаттуу ракеталар атылган. Бардык ракеталар абада жок кылынган.

Киевдин мэри Виталий Кличко үч райондо ракеталардын сыныктары табылганын маалымдады. Бир жерде өрт чыгып, көп узабай өчүрүлдү.

Жабыркагандар тууралуу кабар түшкөн жок.

Одесса облусунун аскердик администрациясы шаршембинин кечинде болгон ракета соккусунан бир киши каза тапканын, экөө жараат алганын билдирди. Дүрмөттөрдүн көбү атып түшүрүлдү, бирок бирөө өнөр жай ишканасына тийген.

Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужныйдын айтымында, бейшембиге караган түнү атылган орусиялык 30 ракетанын 29у жок кылынды. Генерал ошондой эле төрт учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады. Бул маалыматты ыкчам түрдө бышыктоо мүмкүн эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аймагындагы чабуулдар жөнүндө маалыматтарга комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG