Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Жалал-Абад: Ишкерге кол салган адам изделүүдө


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында ишкерге кол салган адам изделип жатканын 17-майда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-апрелде болгон, шаарда кафе иштеткен ишкерлердин бирин белгисиз бирөө учтуу нерсе менен сайып жиберип, качып кеткен.

Ишкер ооруканага жатып, дарыланып чыкканы, ага кол салган адамга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) негизинде иши козголгону маалымдалды.

Кылмышка шектүү адам ким экени аныкталды, тийиштүү материалдар топтолуп, териштирүү жүрүп жатат. 42 жаштагы шектүү менен ишкердин ортосундагы окуяга эмне себеп болгону такталууда.

Жакында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырганда 19,4% өскөнүн билдирген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын кабарлаган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG