Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бокс: Мунарбек Сейитбек уулу - Кыргызстандын эгемен тарыхындагы биринчи медалдын ээси


Мунарбек Сейитбек уулу.
Мунарбек Сейитбек уулу.

Бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медал уткан кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулун 16-майда президент Садыр Жапаров элдин жана өзүнүн атынан куттуктап, бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун экенин белгиледи.

“Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм. Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем, шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык. Мушкерибизге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалайм!” - деди президент.

12-майда Ташкент шаарында өткөн мелдештин жарым финалында Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешкен. Таймашты 1-раунддан кийин дарыгерлер токтотуп, биринчи орун өзбекстандык мушкерге ыйгарылган.

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында байге алган үчүнчү кыргызстандык жана Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы мушкер болуп калды.

Ага чейин 1986-жылы Орзубек Назаров коло байгенин ээси болгон. 1989-жылы Андрей Курнявка дүйнө чемпиону болуп, 1991-жылы күмүш байге алган.

Мунарбек Сейитбек уулу чемпионатта 57 килограмм салмакта күч сынашып, Пуэрто-Рикодон, Таиланддан, Мексикадан жана Тажикстандан барган мушкерлерди жеңип, жарым финалга чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG