Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Казак бийлиги "Вагнерге" кошулуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскертти


Москвадагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын кеңсеси.
Москвадагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын кеңсеси.

Казак бийлиги орусиялык "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын иш-аракетине катышуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскертти.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын орун басары Марат Колкобаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "вагнерчилерге" аралашкан казак жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгиледи.

Буга чейин QOS live Telegram-каналы Орусияда маңзат ишине байланыштуу жети жылга соттолгон Маңгыстау облусунун 24 жаштагы тургунун "Вагнерге" азыгырып жатышканын жазган. Активисттер казак бийлигин аны мекенине экстрадициялоого чакырууда.

Өткөн айда 23 жаштагы казакстандык студент Маргулан Бектеновду белгисиз кишилер уурдап кеткени кабарланган. Көп өтпөй жакындары аны "Вагнер" компаниясынын Краснодар аймагындагы базасынан табышкан. Бирок куралчан адамдар студентти ал жерден чыгарбай койгон. Кийин анын Украинадагы согушка катышып жатканы белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бектенов "өз каалоосу менен" "вагнерчилерге" кошулганын билдирген.

Бектеновдун жакындары аны уурдап кетип, камерага өздөрүнө керектүү сөздү айтууга мажбурлашкан деп эсептешет.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жалданып, чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу кылмыш болуп эсептелет жана бул үчүн узак мөөнөттүк жаза каралган. Коңшу өлкөнүн өкмөтү бул тууралуу мурда да эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG