Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:40

Ирактагы аялдар абагында ачкачылык жарыялагандар нааразылыкты токтотту


Ирактагы "Русафа" түрмөсүндөгү кыргызстандык келиндер.
Ирактагы "Русафа" түрмөсүндөгү кыргызстандык келиндер.

Багдаддагы "Русафа" аялдар түрмөсүнүн администрациясы ачкачылык жарыялаган орус жарандарын Орусиянын колонияларына которууга убада бергени кабарланууда.

Бул тууралуу Kavkaz.Realii сайтына түрмөдөгү нааразылык акциясына катышкандардын бири кабарлады. Абактагы чет өлкөлүк ондогон аял өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин кайра карап чыгууну жана мекенине жөнөтүүнү талап кылып, үч жума мурун ачкачылык жарыялашкан. Арасында кыргызстандыктар да бар.

"Азаттык" радиосуна байланышкан кыргызстандык аялдар ачкачылык акциясы 16-майда токтогонун, айрым өлкөлөрдүн консулдары абакка келгенин билдиришти. Бирок кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү экенин тактай алышкан жок.

Маалыматтарга караганда, орусиялык 21 аялды мекенине жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Reuters агенттиги 2021-жылдын 19-мартында Багдаддын Ар-Русафа районундагы абакта 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борборазиялыктар да бардыгы белгиленген. BBC алардын балдарын кошуп эсептегенде 600 чамалуу экенин кабарлады.

"Русафадагы" кыргызстандык 40 аял апрелдин башында "Азаттыкка" кайрылып, мекенине кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүшкөн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдаддагы түрмөдө 41 кыргыз жараны отурганын бышыктаган.

Алар 2013-2015-жылдары Сирияга, Иракка күйөөлөрүн, балдарын ээрчип барганын, "террордук топтун мүчөсү" деп Багдадда соттолушканын билдирген.

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары “Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан. Узак мөөнөткө камалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Алар кыргыз мыйзамдарына ылайык да “оор кылмыш кылды” деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG