Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Украинанын Жогорку Сотунун төрагасы 2,7 млн. доллар пара менен кармалды


Всеволод Князев
Всеволод Князев

Украинанын Жогорку Cотунун төрагасы Всеволод Князев 2,7 миллион доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу билдирди.

Украин президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси Сергей Лещенко муну бышыктады.

Жогорку Сот Князевдин камалышына байланыштуу кыска билдирүү таратып, 16-майда кезексиз жыйын болорун маалымдады.

Всеволод Князев бул кызматта 2021-жылдын 1-декабрынан бери иштейт.

Март айында Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту Днепр шаарынын Киров райондук сотунун мурдагы судьясына өкүм чыгарган. Ал опузалап, 30 миң доллар пара алган деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Февралда аймактык коргонуу кызматкери миллион доллар пара менен кармалганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG