Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Тажикстан сатып алган Мексика президентинин учагы Дүйшөмбүгө келди


Boeing 787 Dreamliner
Boeing 787 Dreamliner

Тажикстан өткөн айда 92 миллион долларга сатып алган Мексиканын президентинин учагы Дүйшөмбүгө келди.

АКШдагы Nomadic Aviation Group учак Сан-Бернардино шаарынан 14-майда учуп кеткенин билдирди. Flight Radar сайтындагы маалыматтар учак Тажикстандын борборуна 15-майда келгенин көрсөттү.

Мексиканын президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор өзүнө мурдагы бийликтен мурас калган учак апрелде Борбор Азиядагы жакыр өлкөгө сатылганын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, тажик бийлиги президенттик Boeing 787 Dreamliner учагы үчүн 1,7 миллиард песо (92 миллион доллар) төлөгөн.

Тажикстан азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Америкалык лайнерге 2012-жылы Мексиканын мурдагы башчысы Фелипе Кальдерон буйрутма берип, 220 миллион долларга сатып алынган.

2019-жылы Мексиканын президенти аны 130 миллион долларга сатууга аракет кылган, бирок аларман табылган эмес. Бийлик кезинде аны лотереяга коюуну да көздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG